Президент Эрдоган: "Коргонуу өнөр жайыбызда жолубузду чечкиндүү улантуудабыз"
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулга караштуу Тузла шаарындагы Десан кеме куруучу жайында Жаңы аскер-деңиз системаларын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында жолун чечкиндүү түрдө улантканын айтты.
Стамбулга караштуу Тузла шаарындагы Десан кеме куруучу жайында Жаңы аскер-деңиз системаларын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, коргонуу жаатында күчтүү жана көз карандысыз болбогон мамлекеттердин келечегине ишеним менен карашы мүмкүн эмес экенин белгилеп, «Коргонуу өнөр жайы токтоп турган тармак эмес. Дагы илгериге жылуу, дагы өнүккөн тармакты иштеп чыгышыбыз керек»,-деди.
Президент: "Биздин өлкөбүздүн мартабасынан жана күчүнөн тынчсызданып жаткандар, Түркияны мурдагыдай эле туруксуздуктун сазына чөгөрүш үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат»,-деп айтып, «Түркиянын демократиялык укук мамлекети мүнөзүнө карай ар бир кол салууга бөгөт болуп, ар бир оюнду бузуу менен жолубузду улантабыз»,-деди.
Президент Эрдоган: «Биздин максатыбыз - коргонуу өнөр жайын өнүктүрүү жана өндүрүштүк инфраструктураны куруу, кандайдыр бир кризистик учурда сырттан эч талап кылбоо»,-деп айтты.
Түркиянын өзүнүн аскердик кемелерин долбоорлоп, жасап чыгарган 10 мамлекеттин бири болгонун айткан Режеп Таййип Эрдоган: «Корото турган эч бир убактыбыз жок экендигин билүү менен биз иштейбиз, өндүрөбүз жана күрөшөбүз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.