Түркияда бир сутканын ичинде 92 миң 227 Ковид-19 тести жасалды

Ооруканадан айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 235 миң 569га жогорулады.

1477123
Түркияда бир сутканын ичинде 92 миң 227 Ковид-19 тести жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 22 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 80 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 92 миң 227 тест жасалып, 1 миң 203 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 772 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 235 миң 569га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар