Президент Эрдогандын жарыясы дүйнөлүк басма сөздө да кеңири чагылдырылды

Түркия Kара деңизде 320 миллиард куб метр газ запасын тапты.

1477109
Президент Эрдогандын жарыясы дүйнөлүк басма сөздө да кеңири чагылдырылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын тарыхындагы эң ири жаратылыш газ запасынын табылганын жарыялады. Бул жакшы кабар дүйнөлүк басма сөздө да кеңири чагылдырылды .

Грециянын «Skai News» маалымат агенттиги президент Эрдогандын билдирүүсүн соңку кабар катары берип, газ запасынын табылгандыгы расмий түрдө жарыялангандыгын маалымдады.

Спутник Россия да президент Эрдогандын аймакта табигый газ ресурстарынын дагы көп болушу ыктымал деген билдирүүсүнө көңүл бурду.

Бириккен Араб Эмираттарынын The Nation агенттиги болсо «Түркия Кара деңизде газ тапты» деп билдирди.

Euronews жаңылыктарында, табылган газдын 2023-жылы колдонууга даяр болушунун пландалганы кабарланды.

Кипрдин Рум бөлүгүндөгү " World From Cyprus" болсо табылган көлөмдүн болжол менен 320 миллиард куб метр экенин жана Түркия үчүн жаңы доорду ачкандыгы айтылгандыгын кабарлады.

Грециядагы Катимериниде президент Эрдогандын "Кара деңизден 320 миллиард куб метр жаратылыш газын таптык" деген сөздөрүнө орун берилип, аймакта башка запастардын болушу ыктымал деген сөздөрү жарыяланды.

Ливандагы «Daily Star» гезити да түрк бургулоочу кемеси "Фатих" акыркы бир айдан бери Батыш Кара деңиздеги Дунай-1 тармагында чалгындоо иштерин жүргүзүп келгенин жана финансы рыногундагы өзгөрүүлөрдү басаңдата турганын маалымдады.

Кытайдын Синхуа агенттиги Түркиянын тапкан газ запасын соңку кабар катары окурмандарына жарыялады.



Тектеш кабарлар