Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү
Бир сутканын ичинде 92 миң 301 тест жасалып, 1 миң 412 кишиде вирус аныкталды.
1476477
![Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/235b/8358/0ff7/5f3bf27841bbb.jpg?time=1718880316)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 19 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 58 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 92 миң 301 тест жасалып, 1 миң 412 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 882 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 233 миң 915ке жогорулады.