Түрк аба жолдору (THY) сентябрь айынын учуу планын жарыялады
19-июлда кайрадан убактылуу токтотулган Иран каттамдары дагы 1-сентябрдан тарта планга кайрадан киргизилди.
![Түрк аба жолдору (THY) сентябрь айынын учуу планын жарыялады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d3c9/1c07/d6e6/5f0ab05691b74.jpg?time=1718881022)
Коронавирустун (Ковид-19) айынан эл аралык учууларды убактылуу токтоткон жана 11-июндан баштап каттамдарын кайрадан жандандырган Түрк аба жолдору (THY) сентябрь айынын учуу планын жарыялады.
19-июлда кайрадан убактылуу токтотулган Иран каттамдары дагы 1-сентябрдан тарта планга кайрадан киргизилди.
THY сайтында жасалган маалыматка ылайык, THY эл аралык учууларды акырындап, 11-июнда, Тегеран, Тебриз, Шираз жана Машхад, Артвин Хопа, Канада Ванкувер, Мадагаскар, Рига жана Эстониядагы Таллинде башташты. Грузиядагы Батуми жана Тбилиси, Вьетнамдагы Хонай жана Хошимин, Сауд Арабиясынын Даммам жана Эр-Рияд, Алжирдеги Константин жана Вахран, Ооганистандагы Мезар-Шериф, Россиядагы Краснадор, Сочи жана Казань, Иракта Сулаймания, Индияда Мумбай жана Дели, Бахрейн, Иорданияда Амман, Түркмөнстанда Ашкаабат, Литвада Вильнюс жана Монголияда Улан-Батор, Грециядагы Салоники, Мароккодогу Марракеш, Омандагы Мускат, Нигерия Абуджа жана Лагос Түштүк Африканын Кейптаун, Йоханнесбург жана Дурбан, Абу-Даби шаарларына учууну пландап жаткандыгы белгиленди.