Президент Эрдоган Бириккен Арап Эмираттары менен Израиль келишимине каршы чыкты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Швейцарияда кесиптеши Игнасио Кассис менен жолугушкандан кийин пресс  - жыйын өткөрдү.

1473102
Президент Эрдоган  Бириккен Арап Эмираттары менен Израиль келишимине  каршы чыкты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Абу Даби башкаруусу менен карым  - катнаштарды токтотто турган кадам таштоонун белгилерин берди.

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Маалыматта Бириккен Арап Эмираттарынын Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келитргенине токтолгон Эрдоган : «Азыркы учурда Израилдин керек болсо  менен Египет, керек болсо Греция менен ортосундагы тилектештик, Палестинага карата кадамы чыдай турган кадам эмес. Абу Даби башкаруусу менен өзгөчө дипломатиялык карым  - катнаштарды токтотуу ал түгүл биздин да элчибизди чакыруу сыяктуу кадамыбыз болушу мүмкүн. Палестина калкынын жанындабыз. Палестинаны да эч качан жалгыз калтырган жокпуз. Жалгыз калтырбайбыз»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Швейцарияда кесиптеши Игнасио Кассис менен жолугушкандан кийин пресс  - жыйын өткөрдү. Пресс  - жыйында Израиль  -  Бириккен Арап Эмираттары келишимине каршылык көрсөткөн Чавушгоглу  : «Бул келишим Палестина доосуна кызмат кылбайт. Палестинаны күчсүздөнтүү үчүн оюн ойноп жатышат. Бириккен Арап Эмираттары аймактын ыраатсыздыгы үчүн аракет кылууда. Өз кызыкчылыгы үчүн Палестина доосуна кыянаттык кылууда»,- деди.



Тектеш кабарлар