Түркиядан Ливанга медициналык жардам

Түркия Бейрутка экинчи жолу жардам жөнөттү.

1471256
Түркиядан Ливанга медициналык жардам

Ливанга медициналык каражаттарды алып барган Түрк Куралдуу Күчтөрүнө (TSK) таандык A400M үлгүсүндөгү учак борбор шаар Бейрутка конду.

Түркия жарылуудан кийин A400 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак менен мурда да Ливанга жардам жөнөткөн болчу.

Түркиядагы көптөгөн жарандык коомдук уюмдар дагы Бейрутка барып издөө-куткаруу, таштандыларды тазалоо жана гуманитардык жардам иш-аракеттерине колдоо көрсөтүштү.

Ал эми Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Ливанга 400 тоннага жакын буудай жардамын алдыдагы күндөрдө жеткирип бериши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар