«Чеңгел-жолборс» операциясы уланууда
Терроризмге каршы күрөш үзгүлтүксүз уланып жатат.
1470886
«Чеңгел-жолборс» операциясында Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПККнын 5 террористти жок кылынды.
Терроризмге каршы күрөш үзгүлтүксүз уланып жатат.
«Чеңгел-жолборс» операциясынын негизинде террордук уюмга оор сокку урулууда. Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Чеңгел-жолборс» операциясынын алкагында Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин жана Авашин аймактарына абадан операция жүргүзүлдү.
Хафтанинде аныкталган 3, Авашинде болсо 2 террорист жок кылынды.
Билдирүүдө, (28-майда башталган) «Чеңгел-жолборс» операциясынын чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы баса белгиленди.
Экинчи жагынан, Ички иштер министрлиги Вандын Чатак районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда 2 террористтин жок кылынганын кабарлады.