Эрдогандын тарыхый чакырыгы...

Президент Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1470507
Эрдогандын тарыхый чакырыгы...

Президент Режеп Таййип Эрдогандын тарыхый чакырыгы...

"Жер Ортолук деңизиндеги бардык мамлекеттер катары чогулалы. Бардыгына ылайыктуу жана ар кимдин укугун коргой турган формула табалы".

Президент Эрдоган Кабинет жыйынынан кийинки билдирүүсүндө акыркы мезгилде чыңалуу жараткан Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесине байланыштуу тарыхый чакырык салды.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги келишпестиктерди диалог жолу менен жана адилеттүүлүктүн негизинде чечилүүсү үчүн ар дайым даяр экендигин билдирген Эрдоган: «Түркия эч кимдин жерине, деңизине көз артпайт»,- деди.

Түркияны жээктерине камоо аракетине жол бербей тургандарын айткан Эрдоган: «Биз мындай дейт элек, келгиле Жер Ортолук деңиздеги бардык мамлекеттер катары чогулалы. Ар кимдин укугун коргогон формуланы табалы»,-деди.

Эрдоган: «Бул маселеде акыл-эстүүлүк үстөмдүк кылганга дейре Түркия катары аянтта жана дипломатия жаатында өз алдыбызча пландарды аткарууну уланта беребиз»,-деп эскертти.



Тектеш кабарлар