Түрк аба жолдору германиялык жүргүнчүлөрдү эскертти

Түрк аба жолдорунун билдирүүсү.

1469092
Түрк аба жолдору германиялык жүргүнчүлөрдү эскертти

Түрк аба жолдору (THY) Германияга бара турчу жүргүнчүлөрдүн акыркы 48 сааттын ичинде коронавирустук тесттен (ПЦР) өтүп, жыйынтыгы таза чыгуусу керектигин билдирди.

Түрк аба жолдорунун билдирүүсүндө: «Германияга бара турчу жүргүнчүлөрдүн назарына; 2020-жылдын 8-августунда Түркия убактысы боюнча саат 23:59дан тарта Германияга бараар алдында акыркы 48 сааттын ичинде ПЦР тесттинен өтпөгөн жүргүнчүлөр учакка кабыл алынбайт. 2 жашка чейинки жүргүнчүлөрдөн болсо талап кылынбайт. Бул тартип Түркиядан Германияга жүргүзүлө турган бардык учууларды камтыйт. ПЦР тестинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинин covid19bilgi.saglik.gov.t сайтында белгиленген сертификатталган борборлордон же тест мүмкүнчүлүгү бар аэропорттордон өтүүгө болот»,-делди.



Тектеш кабарлар