Түркия Бейруттагы издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүүдө

Бейрут портунда 4-август шейшемби күнү жарылуучу заттар сакталган кампада алгач өрт чыгып, андан соң Бейруттун толугун титиреткен чоң жарылуу болгон.

1468783
Түркия Бейруттагы издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүүдө

Түркия, Ливандын борбор шаары Бейрутта адамдардын өмүрүн алган ошондой эле 10 миллиард долларга жакын зыян келтирген чоң жарылуудан кийин өлкөгө жардам берүү үчүн ишке киришти.

Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) делегациясы жарылуу болгон Бейрут портунда издөө-куткаруу иштерин баштады.

Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык 400 М үлгүсүндөгү аскер жүк ташуучу учак Саламаттык сактоо министрлиги, AFAD жана Кызылай уюму тарабынан даярдалган материалдарды мурунку күнү кечинде экономикалык кризис күндөн-күнгө тереңдеген жана шейшемби күнү болгон жарылуу менен борбор калаасы апаат аймагы деп жарыяланган Ливанга жеткирип берди.

Жардам буюмдары менен бирге AFADдын башчысы Мехмет Гүллүоглунун жетекчилиги астында Бейрутка барган AFAD, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук медициналык куткаруу тобу (UMKE) жана Кызылайдан турган түрк делегациясы кечээ жарылуу болгон аймакта издөө-куткаруу иштерин баштады.

Түрк делегациясы айрыкча жардам көрсөтүү иштери үчүн Бейрутка бараткан эл аралык топтор менен өткөргөн жолугушууларга ылайык ишин бүгүн да улантат.

Бейрут портунда 4-август шейшемби күнү жарылуучу заттар сакталган кампада алгач өрт чыгып, андан соң Бейруттун толугун титиреткен чоң жарылуу болгон.

Саламаттык сактоо министри Хамад Хасан, жарылуудан каза тапкандардын саны 135 адамга жеткенин, ошондой эле 5000ге жакын адам жаракат алып, ондогон адамдар дайынсыз экенин жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар