Түрк Кызылайы Түндүк Македонияда курмандыкка мал союп таратып берүүдө

Түрк Кызылайынан Курман Айт жардамы

1465309
Түрк Кызылайы Түндүк Македонияда курмандыкка мал союп таратып берүүдө

Түрк Кызылайы Түндүк Македонияда курмандыкка сойгон 400 баш малдын этин муктаж болгон 3000 үй-бүлөгө жеткирип берет.

Түркиядагы, Түндүк Македониядагы жана дүйнө жүзүндөгү жардамга муктаж адамдарды жалгыз калтырбаган Кызылайдын, курмандыкка союлган малдын эттерин миллиондогон адамдын дасторконуна майрам бүткөнгө чейин жеткире тургандыгын айткан Түрк Кызылайынын Түндүк Македониядагы тобунун башчысы Фуат Эмин: «Түндүк Македонияда Скопье менен бирге Куманово, Ресен, Битола сыяктуу шаарлар жана айылдарындагы 3000дей үй-бүлөгө курмандыкка союлган малдын эттерин жеткиребиз»,- деди.

Эмин, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурундагы оор турмушта Түндүк Македониядагы элге Түрк Кызылайы катары жардам көрсөтүүнү каалагандарын баса белгиледи.

Ошондой эле Йеменде дагы 13 миң үй-бүлөгө курмандыкка союлган малдын эттер таратылып жаткандыгы билдирилди. 



Тектеш кабарлар