Президент Эрдоган менен Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Эрдоганга телефон чалып Курман айты менен куттуктады.

1465073
Президент Эрдоган менен Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган менен Азербайжандын Президенти Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Эрдоганга телефон чалып Курман айты менен куттуктады.

Сүйлөшүүдө Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым  - катнаштардын күн өткөн сайын дагы да өнүгүшүнөн кубанычтуу экендерин билдирген лидерлер, карым  - катнаштардын  бекемделүүсүнүн улантыларына байланыштуу ишеничтери баса белгилешти.

Түркия менен Азербайжандын  кенен масштабдуу биргелешкен аскердик машыгуусунун ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн баса белгилеген Эрдоган менен Алиев машыгуу эки өлкөнүн достук жана бир туугандык карым  - катнаштарынын башка бир көрүнүшү экендиги белгилешти.

Президент Алиев акыркы күндөрдө Армениянын аскердик провокациясынын натыйжасында болгон окуялар тууралуу Эрдогандын Азербайжанга берген чечкиндүү колдоосун кубануу менен кабыл алышкандарын белгиледи.

Эрдоган менен Алиев эки өлкөнүн карым  - катнаштары тууралуу башка темаларды да карап чыгышты.



Тектеш кабарлар