Хулуси Акар: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде изилдөө жүргүзүү биздин укугубуз»

Министр Акар, Түндүк Кипр Куралдуу Күчтөрү күнүнүн сый кечесинде сөз сүйлөдү.

1464393
Хулуси Акар: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде изилдөө жүргүзүү биздин укугубуз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, «Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) уруксат аянттарында Түркиянын деңиздеги ыйгарым аянттарында иликтөө жасап, алардан пайдалануу үчүн иштөө, биздин укугубуз»,-деди.

Министр Акар, Түндүк Кипр Куралдуу Күчтөрү күнүнүн сый кечесинде сөз сүйлөдү.

«Кипр маселеси биздин улуттук дообуз»,-деп айткан Акар, деңиздеги ыйгарым укук аянттарынын белгилениши, тең эгемендик укуктардын корголушу, булактардын адилеттүү түрдө бөлүшүлүшү темаларынын маанисин баса белгилеп, «Бул темада эч ким бизге кандайдыр бир түрдө таасир этүүгө же кандайдыр бир түрдө бизге тоскоол болууга аракет кылбасын. Бул темада чечкиндүү экендигибизди көп жолу кайталадык. Буларды дагы орундатабыз. Жасагандарыбыздын бардыгы укуктук, эл аралык эрежеге, деңиз укугуна ылайыктуу түрдө жасалууда»,-деп айтты.

Министр Акар, грек тарабы менен ишенимди арттыруучу чаралар боюнча түзүлгөн келишимдердин алкагында 4-жыйналыштын борбор шаар Анкарада өткөрүлүшү үчүн даяр болгондорун тийиштүү кызматтагыларга билдиргендерин маалымдады.



Тектеш кабарлар