Түркия жана Кытай саламаттык сактоо тармагы боюнча долбоор өнүктүрүүгө чакырууда

Кытай Улуттук табигый илим фонду жана Түркиянын илимий-технологиялык изилдөө кеңеши (TUBITAK) көптөгөн тармактардагы долбоорлорго каражат бөлүп берет.

1462064
Түркия жана Кытай саламаттык сактоо тармагы боюнча долбоор өнүктүрүүгө чакырууда

Дүйнөлүк кызматташтык коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөштө чоң мааниге ээ болот (Ковид-19).

Кытай Улуттук табигый илим фонду жана Түркиянын илимий-технологиялык изилдөө кеңеши (TUBITAK) көптөгөн тармактардагы долбоорлорго каражат бөлүп берет.

Ийгиликтүү долбоорлор 720 миң лирага чейин колдоого алынат.

Биргелешкен долбоорлорду 2 жылдык мөөнөткө чейин уюштуруу керек.

Долбоордун багыттары төмөнкүлөр:

- Скрининг жана анти-коронавирустук препараттарды иштеп чыгуу,

- Коронавируска каршы вакцинаны изилдөө жана иштеп чыгуу,

- Жаныбарлардын вирусунун этиологиясы;

- Тез жана так диагностикалык технологиялар,

- Коомдук саламаттыкты сактоо, оперативдүү илимдер,

- Коомдук саламаттык сактоого кийлигишүүнүн социалдык аспектилери.

Түрк командасына 720 миң лирага чейин колдоо

Долбоордо дары-дармек жана вакциналарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча долбоордук сунуштарга артыкчылык берилген. Жаныбарлардын вирустарынын келип чыгышы жана аларга каршы коргоочу иммундук механизмдери маанилүү маселелердин бири. Мындан тышкары, тез жана так диагноз коюунун жаңы технологиялары боюнча иштер колдоого алынат.

Ийгиликтүү долбоорлорго түрк командасы үчүн TÜBİTAK тарабынан 720 миң лирага чейин колдоого алынат. Кайрылууар 7-августка чейин кабыл алынат.



Тектеш кабарлар