Түркия өлкө ичинде дагы,тышында дагы террористтерге баш көтөртпөйт
Түрк куралдуу күчтөрү жана коопсуздук күчтөрүнүн террор менен күрөшүүсү тынымсыз уланууда.

Хаккаринин элетинде ишке ашырылган абадан коштолгон операцияда 1 террорст жок кылынды.
Ички иштер министрлигинин жарыясында ички коопсуздук операцияларынын алкагында Хаккаринин элет жеринде Облустук жандармерия командирлиги жана Облустук коопсуздук деректорлугу тарабынан абадан коштолгон операция жүргүзүлгөнү белгиленди.
Операцияда 1 террорист жок кылынды.
Аймакта операциялардын улантылып жатканы билдирилди.
Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө караганда, Чукуржа аймагында уюштурулган операцияда жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү болгон 2 террорист жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) дагы бир билдирүүсүндө,Улуттук Коргоо министрлигинин жарыясында да Сириядагы «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюму ПКК/ЙПГга мүчө 3 террористти жок кылганын билдирилди.
Жарыяда, «Аймакта ар түрдүү чараны көргөн баатыр десанттарыбыз, дагы бир кол салуу аракетине бөгөт коюп, 3 ПКК/ЙПГ террористи жок кылды»,деп жазылды.