Имран Хан Аясофиянын ибадатка ачылышы менен куттуктады

Пакистандык депутат жана саясатчылар да Аясофия  - и Кебир Жами  -  и Шерифинин кайрадан ибадатка ачылышынан улам социалдык медиада кубанычтарын билдиришти.

1461817
Имран Хан Аясофиянын ибадатка ачылышы менен куттуктады

Пакистандын премьер  - министри Имран Хан Аясофия  -  и Кебир Жами  - и Шерифинин 86 жылдан кийин кайрадан ибадатка ачылышынан улам Түркияны куттуктады.

Имран Хан твиттерден берген маалыматында Аясофия  -  и Кебир мечитинде 86 жылдан кийин биринчи жолу ибадат  кылынган бул тарыхый күн менен Түркия республикасын жана Президент Р. Т. Эрдоганды куттуктаганын билдирди.

Араларында Пакистан Жемаат  -  и Ислам партиясынын лидери Сиражүл Хак, Пенжап премьер  - министри Осман Буздар жана көп сандаган пакистандык депутат жана саясатчылар да Аясофия  - и Кебир Жами  -  и Шерифинин кайрадан ибадатка ачылышынан улам социалдык медиада кубанычтарын билдирген билдирүүлөр жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар