Сенегалда Маариф фонду менен армиянын ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду

Сенегал башкы штабынын төрагасы, генерал Бриаме Диоп бул тууралуу Түркия Маариф Фондуна ыракмат айтты.

1460838
Сенегалда Маариф фонду менен армиянын ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду

Сенегалда Түркия Маариф Фонду менен армиянын ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу протоколуна кол коюлду. Борбор шаар Дакарда азем менен кол коюлган  келишимдин негизинде Түркия Маариф Фондунун окуучулары Сенегал армиясына таандык социалдык комплекстерден тейлөө унааларынан пайдалана алышат. Сенегал армиясынын кызматкерлеринин балдарына Маариф мектептеринде билим алуусуна мүмкүнчүлүк берилет жана бул мектептерди  бүтүргөн аскер балдары билим алууну Түркияда уланта алышат.

Сенегал башкы штабынын төрагасы, генерал Бриаме Диоп бул тууралуу Түркия Маариф Фондуна ыракмат айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар