Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук коопсуздук кеңеши, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

1460102
Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук коопсуздук кеңеши чет өлкөдөгү террор элементтери менен чечкиндүү күрөшүүнүн улана турганын билдирди.

Улуттук коопсуздук кеңеши, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Жыйналыштын артынан жарыяланган билдирүүдө, чек аранын тышындагы террорист элементтерге каршы күрөшүүнүн эл аралык эрежелерден келип чыккан укуктардын аклагында жүргүзүлө турганына орун берилди.

«Азербайжандын жерлеринде мыйзамсыз басып алуусун көп жылдан бери уланткан Армениянын кол салуусу айыпталган» билдирүүдө, Армениянын тийишүүчү мамилесин токтотуусу жана басып алуусу астында кармаган Азербайжан жерлеринен чегинүүсү керектиги, түрк улутунун бир тууган Азербайжандын укуктуу доосунда чыгара турган ар түрдүү чечимди колдой турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө, Кипрде тынчтык жана ырааттуулук чөйрөсүнө зыян тийгизе турган кыймылдарга эч качан уруксат берилбей турганы белгиленип, «Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык эрежеден келип чыккан укук жана кызыкчылыктардын корголушу темасында кескин чечкиндүүлүгүбүз баса белгиленди»,делди.

«Түркия ар түрдүү зомбулукка каршы Ливия калкынын жанында орун алуусун улантат»,деген сөз да көңүл бурду.

Билдирүүдө айрыкча дүйнөдөгү саясий жана экономикалык күч тартибинин кайрадан түзүлүү процессине киргенин баса белгилеп, ушул алкакта Түркиянын бардык тармакта күчтүү даярдык жасаш үчүн керектүү механизмдердин түзүлүүсүнүн маанисине токтолгондугу баяндалды.



Тектеш кабарлар