Аясофия мечити эртең ачылат

Аясофия мечитинин ачылыш аземине карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө.

1460593
Аясофия мечити эртең ачылат

Аясофия мечити эртең окула турган жума намазы менен 86 жылдан кийин кайрадан ибадатка ачылат.

Мамлекеттик кеңештин 10-палатасы Аясофиянын мечиттен музейге айландырылышы жөнүндөгү Министрлер кеңешинин 1934-жылдын 24-ноябрындагы чечимин жокко чыгаргандан кийин Аясофияны Дин иштери башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндөгү Президенттиктин жарлыгы 10-июлда Расмий гезитте жарыяланган.

Кайрадан ибадатка ачылуусуна чечим чыгарылгандан кийин убактылуу зыяратка жабылган Аясофия мечитинин ачылыш аземине карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө.

Коронавирустан улам өткөрүү пункттарында адамдардын дене табын өлчөө жана маска текшерүүлөрү жүргүзүлөт.

Ушул алкакта аянтта курула турган 17 медициналык пунктта 736 медицина кызматкери, 1 тез жардам тик учагы менен бирге 101 тез жардам унаасы иштейт.



Тектеш кабарлар