Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүсүн улантууда

Улуттук коргоо министрлиги ар кайсы жерлерде жүргүзүлгөн операциалар тууралуу маалымат бөлүштү.

1459215
Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүсүн улантууда

Ирактын түндүгүндө ПККнын 3 мүчөсү абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги, «Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында чалгындоо жана байкоо салуучу аппараттардын негизинде белгиленген жикчил террордук уюм ПККнын 3 мүчөсү абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды. Операцияларыбыз тынымсыз уланып жатат», делди.

Бир тараптан Сирияда «Евфрат калканы» аймагында террордук уюм ДЕАШка карай операциялар уланууда.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Евфрат калканы аймагында тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузууга карай террордук кыймылдарды кылганы белгиленген ДЕАШтын 2 террористи операция жүргүзүлүп кармалды»,деген маалымат орун алды.

Улуттук коргоо министрлигинин башка бир билдирүүсүндө да Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү уланган «Чеңгел-Жолборс» операциясында баатыр десанттар белгилешкен туннелдеги жашыруун бөлмөдө террордук уюм ПККга таандык көп сандаган ок-дары менен жашоо үчүн керектүү материалдарды колго түшүргөнү жана булардын жок кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар