Улуттук коргоо министрлиги Кипр Тынчтык Кыймылына карата видео жарыялады

Видеодо Кипрдын Анадолунун бир бөлүгү экени, 1571 -  жылы тагдырынын бириккени эске салынды.

1458352
Улуттук коргоо министрлиги Кипр Тынчтык Кыймылына карата видео жарыялады

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 жылдыгынан улам  жарыяланган видеодо түрк аскеринин аралда Кипр түрктөрүнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана тынчтыгынын кепили экени билдирилди.

Министрликтин соцтармактан берилген маалыматында : «46 жыл мурда Кипр түркү болгон бир туугандарыбызга карата жасалган зулумчулукту акырына чыгаруу, аралга тынчтыкты алып келүү үчүн ишке ашырылган Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 – жылында каарман шейиттерибизди жана ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскерип, жашап жаткан ардагерлерибизге чың ден соолук каалайбыз»,- деп билдирилди.

Бул билдирүү менен бирге жарыяланган видеодо болсо Кипрдын Анадолунун бир бөлүгү экени, 1571 -  жылы тагдырынын бириккени эске салынды.

Румдардын Кипр түрктөрүнүн мал  - мүлкүнө кол салып, аял, эркек, бала – чака, жаш  - кары дебестен кыйноо менен шейит кылганына байланыштуу көрүнүштөр орун алган видеодо : «400 жылдык мекен бөлүгүндө жашаган тектешретибиздин чын жүрөктөн чакыруусуна үнсүз калбаган Түркия республикасы «Күттүм келбедиң» деген румдарга «Бир түнү күтүлбөгөн жерден келишим мүмкүн» деген сөздөр менен жооп кайтарып даярдыктарын көрдү»,- деп бидирилди.

Түрк композитору Рүштү Шардагдын «Бир түнү күтүлбөгөн жерден келемин» аттуу чыгармасынын коштоосундагы көрүнүштөрдө 1974 -  жылы 20 -  июль күнү эрте менен жүргүзүлгөн кыймыл менен түрк аскеринин Кипрдын баарына тынчтыкты, эсендикти жана түрк улутунун күчүн жеткирген жана Кипр түрктөрүнүн эркиндигинин, көз карандысыздыгынын жана тынчтыгынын кепилдиги болгону баса белгиленди.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта да Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 – жылында каарман шейиттер менен ардагерлер ыраазычылык менен эскерилди.



Тектеш кабарлар