Президент Эрдоган : "Рум тарабы Кипр түркүнүн теңдигин бериши керек"

Режеп Таййип Эрдоган Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 жылдыгы менен куттыктады.

1458414
Президент Эрдоган : "Рум тарабы Кипр түркүнүн теңдигин бериши керек"

Президент Р. Т. Эрдоган Рум тарабынын Кипр түркүнүн саясий теңдиги менен аралдын табигый ресурстары боюнча бирдей укуктарды кечиктирбестен бериши керектигин белгиледи.

Эрдоган Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 жылдыгынан улам билдирүү жарыялады. Эрдоган билдирүүсүндө : «Аралда мыйзамдуу жана туруктуу чечүүчү жолдун табылышы бир гана Кипр түркүнүн бирдей статусунун кабыл алынышы менен мүмкүн болот»,- деди.

Эрдоган билдирүүсүндө  кыймылдын 46 -  жылын чын көңүлдөн куттуктаганын белгилеп : «Тынчтык кыймылы тарыхтан өчүрүлүшү кааланган бир элдин жаңыдан жаралышынын, кайрадан бутуна турушунун аты. Бул кыймылды Кипр түркүнүн негизги укуктары тебеленгенде, эркиндиги коркунучка салынганда эмнелерди кыла аларын бүткүл дүйнөгө көрсөттү. 50 жылдан ашуун убакыттан бери  теңдик үчүн күрөшкөн Кипр түркүнүн сабыр жана чыдамдуулугунун  дүйнөдө башка бир мисалы жок. Кипр түрк калкы бардык кысым жана коркунучтарга карабастан күрөшкөн, укук жана эркиндигине ээ чыккан»,- деди.

Түркиянын 46 жыл мурда болгондой бүгүн да Кипр түрктөрүнүн чечкиндүү күрөшүндө жанында экенин эске салган президент Эрдоган : «Аралда адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго баруу үчүн Кипр түркүнүн тең статусунун кабыл алынышы менен гана мүмкүн болот. Кипр рум тарабы Кипр түркүнүн саясий теңдигин жана аралдын табигый булактарындагы тең укуктуулугун кечиктирбестен бериши керек»,- деди.

Эрдоган Түркиянын жана Кипр түрк тарабынын ар дайым тынчтык жана макулдашууну жактаганын, чечүүчү жол үчүн ачык эркти көрсөткөнүн бирок бул абалдын Кипр түрк калкынын укугунан баш тартпайт деген мааниге келгенин белгиледи.

Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да Кипр түрк калкынын укук жана мыйзамдарын коргоо үчүн бардык аракетти көрсөтөрүн белгилеп : «Ушул себеп менен боштондук согушунда өз жанын аябаган улуу шейиттерибизди ыраазычылык менен урмат  - сый менен эскерем. Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы бир туугандарыбыздын тынчтык, бейкуттук ичинде бактылуу жашоосун каалаймын.  20 -  Июль Тынчтык жана Эркиндик майрамыңыздар куттуу болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар