Акар: «Хафтерге жардам жана колдоо көрсөтүүнүн дароо токтотулушу абзел»

Акар, Анкарада Ливиянын ички иштер министри Фетхи Башага менен Мальтанын улуттук коопсуздук жана ички иштер министри Байрон Камиллери менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1458495
Акар: «Хафтерге жардам жана колдоо көрсөтүүнүн дароо токтотулушу абзел»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ливияда тынчтыкка, ынтымакка, жеринин бүтүндүгүнүн камсыздалышына тоскоол болгон козголоңчу Хафтерге жардам жана колдоонун дароо токтотулушу керектигин белгиледи.

Акар, борбор шаар Анкарада мальталык жана ливиялык министрлер менен өткөргөн жолугушуусунун абдан жемиштүү өткөнүн белгилеп, «Жер Ортолук деңизде аймагыбыздагы тынчтык жана ырааттуулукка кошо турган салым менен жасаган бул аракет жана иштердин алдыдагы мезгилде бир гана биз үчүн, аймагыбыз үчүн эмес ошол эле убакта бүткүл дүйнө үчүн маанилүү модель боло турганына ишенемин»,-деди.

Акардын чакыруусу боюнча Улуттук коргоо министрлигинде Ливиянын ички иштер министри Фетхи Башага менен Мальтанын улуттук коопсуздук жана ички иштер министри Байрон Камиллеринин катышуусунда өткөн үчтүк жыйналыштан кийин маалымат жыйын уюштурулду.

Түркиянын эл аралык чөйрөдөгү жоопкерчиликтеринин барган сайын артканын баса белгилеген Хулуси Акар: «Ушул алкакта жүргүзгөн коопсуздук жана ыраттуулукка салым кошуу иштерибиздин оң жемиштерин ала баштаганыбызды айта аламын»,-деди.

БУУ тааныган Улуттук ынтымак өкмөтү менен жүргүзүлгөн иштердин алкагында Ливиядагы иш-аракеттер уланганына көңүл бурган министр Акар: «Аскердик билим берүү, кызматташтык жана кеңешчилик иштерибиз уланууда. Ар дайым ливиялык туугандарыбыздын жанында экенибизди ар кимдин билип коюшун каалаймын. Бул темадагы аракеттерибиз ушул убакка дейре уланды, мындан кийин дагы ушундай эле түрдө ливиялык туугандарыбыз жана БУУ тарабынан таанылган өкмөтү менен түзгөн кызматташтыгыбыздын улана турганын баса белгилегим келет. Бул максатка жетиш үчүн эң чоң тоскоолдуктун козголоңчу Хафтер экендигин билебиз. Ошондуктан Ливияда тынчтыкка, бакубаттыкка, коопсуздукка, жеринин бүтүндүгүнүн камсыздалышына тоскоол болгон козголоңчу Хафтерге карай жасалган ар түрдүү жардам жана колдоо көрсөтүүнүн дароо токтотулушу абзел»,-деди.

Хулуси Акар, Түркия менен Мальта жана Ливиянын ортосунда түптүү тарыхый байланыштар болгонуна токтолуп, «Эки баалуу досумдун баалуу пикирлерин угуп, алар менен орток көз караштарыбызды бөлүшкөндүгүбүз үчүн абдан кубанычта болгонумду белгилей кетким келет. Ливиядагы саясий чечүүчү жол темасында Мальтанын чечкиндүү жана конструктивдүү мамилесинен улам аларга дагы бир жолу ырахмат айтамын»,-деди.

Акар: «Арабыздагы диалогдун, кызматташтыктын,иштердин алдыбыздагы мезгилде улана турганына ишенемин. Жасай турган бул иштердин да Ливия жана аймагыбыз үчүн тез арада ыраттуулуктун келиши жагынан абдан маанилүү салымдарды кошо турганын белгилегим келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар