Түркия террордук уюмдар менен тынымсыз күрөш жүргүзүүдө

Десанттардын кыраакылыгы менен жикчил террордук уюм ПККнын базалык аймактарга кол салуусунун алды алынды.

1457782
Түркия террордук уюмдар менен тынымсыз күрөш жүргүзүүдө

Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында белгиленген жикчил террордук уюм ПККнын 3 мүчөсү абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында чалгындоо жана байкоо аппараттары менен белгиленген жикчил террордук уюм ПККнын 3 мүчөсү абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынды. Операцияларыбыз тынымсыз уланат»,делди.

Ал ортодо, Мардин жана Хаккаринин полиция башкы башкармалыгынын көндүрүү иштеринин натыйжасында, Сириядагы ЙПГ/ ПKK террордук уюмунда жүргөн С.Т., Мардиндин Нусайбин районундагы чек арадагы коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Экинчи жагынан, Хаккаринин Чукурка районундагы элет аймакта жүргүзүлгөн операцияда бирөө базалык аймакты бутага алган эки ракета аныкталды, экинчиси алыстан башкарылган аппаратка байланган.

Десанттардын кыраакылыгы менен жикчил террордук уюм ПККнын базалык аймактарга кол салуусунун алды алынды.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттериндеги аккаунтунда ракеталардын сүрөттөрүнө орун берилди.



Тектеш кабарлар