Түркиянын элчилери 15 - Июлга карата билдирүүлөрдү жарыялашты

Түркиянын Приштине элчиси Чагры Сакар, Косова мекемелеринин Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрүнө каршы көргөн чараларды колдошкондорун айтты.

1455455
Түркиянын  элчилери 15 -  Июлга карата билдирүүлөрдү жарыялашты

Түркиянын Приштине элчиси Чагры Сакар, Косова мекемелеринин Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрүнө каршы көргөн чараларды колдошкондорун айтты.

Сакар 15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн улам берген маалыматында 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Косова калкынын Түркияга көрсөткөн колдоосунун өздөрү үчүн абдан баалуу экенин белгиледи.

Бир тараптан Австралияда Канберра элчилиги, Сидней жана Мельбурн башкы консулдуктарында Түркияда 2016 -  жыл 15 -  июлда болгон козголоң кыймылынын 4 -  жылында «15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү» эскерүү аземдери өткөрүлдү.

Борбор шаар Канберра жана Сиднейдеги  аземдер жарандар менен бирге түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Түркиянын Канберра элчиси Корхан Каракоч түрк улутунун президент Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгында козголоң кыймылын жеңип демократия үчүн күрөшкөнүн белгиледи.  

Түркиянын Токио элчиси Хасан Мурат Мержан да 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын 4- жылында Япония  - Түркия карым  - катнаштары тууралуу маалымат берди.

Мержан эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жакын карым – катнашы жана мамлекеттер деңгээлинде өткөрүлгөн жолугушуулардын уюмдун ички жүзүнүн Японияда түшүнүлүшүнө таасир бергенин белгиледи.

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе менен президент Р. Т. Эрдогандын кызматташуусун баса белгилеген Мержан : «Эрдоган менен Абенин колдошуулары жана сүйлөшүүлөрү ФЕТӨнүн таасирин Японияда азайтты»,- деди.

Түркиянын Куала Лумпур элчиси Мерве Сафа Кавакчы болсо 15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө ФЕТӨнүн бул жерде толугу менен жок кылынганын белгилеп, Малайзияга колдоосунан улам ыракмат айтты.

Ошол эле учурда Малайзия Мусулман Жаштар Кыймылы, Малайзия Ислам Уюмунун Консультативдик  Кеңеши, Малайзия ислам соода кабинети, Малайзия глобалдык тынчтык миссиясы, Малайзия Малай иш жана индустрия биримдиги менен Малайзия Сирияга колдоо тобунун башкаруучулары Түркиянын Куала Лумпур элчилигине жиберген каттарында түрк мамлекети жана калкына колдоолорун билдиришти.

 

 



Тектеш кабарлар