Президент Эрдоган Улутка кайрылуу сөзүн сүйлөдү

Президент Эрдоган, Фетхуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чыккынчылык төңкөрүш аракетинин 4-жылында Улутка кайрылуу сөзүн сүйлөдү.

1455815
Президент Эрдоган Улутка кайрылуу сөзүн сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2016-жылдын 15-Июль түнүндө эркиндикти сүйгөн бул улутка чынжыр салууну кайра сынагандардын муну ишке ашыра албагандарын айтты.

Президент Эрдоган, Фетхуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чыккынчылык төңкөрүш аракетинин 4-жылында Улутка кайрылуу сөзүн сүйлөдү.

Эрдоган, 15-Июль төңкөрүш аракети убагында шейит болгон 251 атуул үчүн Алладан жаткан жери жайлуу болушун тилеп баштаган сөзүндө, улуттун ошол түндө эч бир мажбурлоо болбостон өз демилгеси менен козголоңчуларга каршы кыймылга өткөнүн эске салды.

Президент: «15-Июль түнүндө эркиндикти сүйгөн бул улутка чынжыр салууну кайрадан сынап көрүштү жана шүкүрлөр болсун ишке ашыра алышкан жок»,-деди.

«Мени ушундай улуттун бир мүчөсү катары жаратканы үчүн Аллахыма шүкүр кыламын»,-деп айткан Эрдоган, 15-Июлдун басып алуу аракети болгонун, улут анын үстүнөн план түзгөндөрдүн ойлогон оюна таш каптырганын айтты.

Президент: «Азаныбызды тототуп, байрагыбызды түшүрүп, улуттук эркти тебелегиси келгендерди даңазалуу туруштук менен жеңилүүгө учураттык»,-деп айтты.

«Улутубуздун ар бир мүчөсү азаны, байрагы, эркиндиги жана келечеги үчүн жеңилгис бирден баатырга айлана ала турганын далилдеи»,-деп айткан Эрдоган: «Бул улуттун дагы айта турган көп сөзү, ишке ашыра турган көп долбоору бар»,-деди.



Тектеш кабарлар