Түркиядан Иракка медициналык жардам
Түркиянын жардамы Иракка жетти.
1454567
Ирак өкмөтү, Түркиянын коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында жөнөткөн медициналык каражаттардын өлкөгө жеткендигин билдирди.
Ирактын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бет кап, коргоочу кийим, бетти коргоочу калкан жана операция үчүн колдонулган чоңойтуучу айнек сыяктуу болжол менен 1 миллионга жакын медициналык каражаттардан турган жүктүн тапшырылып алынгандыгы кабарланды.
Түркиядан Иракка июль айынын башында дагы медициналык жардам жөнөтүлгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.