Орусия: Аясофия маселеси Түркиянын ички иштери болуп саналат
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, журналисттерге берген маалыматында Аясофиянын мечит катары ибадатка ачылуу чечимине баа берди.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, Аясофиянын мечит катары ибадатка ачылуу чечимин «Түркиянын өзүнүн ички иштери» экендигин белгилеп, буга өз өлкөсүнүн дагы башка бир өлкөнүн дагы кийлигишпөөсү керектигин айтты.
Вершинин, журналисттерге берген маалыматында Аясофиянын мечит катары ибадатка ачылуу чечимине баа берди.
Аясофия маселесинин дүйнөдө кеңири жаңырык жаратканын эске салган Вершинин: «Мунун Түркиянын ички иштери болгонун эске алабыз. Табигый түрдө буга биздин дагы башкасынын дагы кийлиишпөөсү керек»,-деп айтты.
Вершинин Аясофиянын глобалдык маданият жана цивилизация жагынан маанилүү экендигине көңүл бурду.
Мамлекеттик кеңеш, 10-июлда чыгарган тарыхый чечими менен Аясофиянын мечиттен музейге айландырылышы тууралуу 1934-жылдын 24-ноябрындагы Министрлер кеңешинин токтомун жоюп, андан соң Президенттиктин токтому менен Аясофия мечити Дин иштери башкармалыгына өткөрүлгөн.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.