«Чеңгел-Жолборс» операциясы ийгиликтүү уланууда

Улуттук Коргоо министрлигинин (RSD) билдирүүсүндө  «Чеңгел-Жолборс» операциясынын чечкиндүү жүргүзүлгөнү айтылды.

1453597
«Чеңгел-Жолборс» операциясы ийгиликтүү уланууда

Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин районунда «Чеңгел-Жолборс» операциясынын алкагында жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (RSD) билдирүүсүндө  «Чеңгел-Жолборс» операциясынын чечкиндүү жүргүзүлгөнү айтылды.

Билдирүүсүндө, ««Чеңгел-Жолборс» операциясынын натыйжасында Ирактын Хафтанин районунун түндүк бөлүгүндө белгиленген 2 ПКК террористи жүргүзүлгөн аба операциясы менен жок кылынды. Террордук уюмдун бардык уюктары жок кылынат»,делди.

Экинчи жагынан, Шырнак полициясынын көндүрүү иштеринин натыйжасында, ПККнын бир аял террористи Мардиндин Нусайбин районундагы Сириянын чек арасында коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

M. B. үй-бүлөсү менен жолугушканда, журналисттерге 2015-жылы үй-бүлөлүк себептер менен бул уюмга кошулганын жана бул процесстин учурунда Ирактын түндүк бөлүгүндө террордук уюм ЙПГ / ПКК жана ЙПЖнын аялдар филиалында активдүү болгонун айтты.

Жакында уюмдан качып кетип, багынып бергендердин үй-бүлөлөрүнө жетүүсүнөн таасирленгендигин айтып, «Мен бул уюмга киргениме өкүнүп калдым. Үй-бүлөмө жолукканыма кубанычтамын»,- деди.



Тектеш кабарлар