БУУ:«Элчи Бозкыр ондогон жылдарга созулган дипломатиялык тажрыйбасын алып келет»

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Никхил Сет, Волкан Бозкырдын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-Төрагалыгына шайланышына байланыштуу баасын берди.

1449980
БУУ:«Элчи Бозкыр ондогон жылдарга созулган дипломатиялык тажрыйбасын алып келет»
bm genel kurulu.jpg

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Никхил Сет, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-Төрагалыгына шайланган Волкан Бозкырдын бул кызматка ондогон жылдык дипломатиялык тажрыйбаларын алып келе турганын белгиледи.

Волкан Бозкырдын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-Төрагалыгына шайланышына байланыштуу берген баасында Никхил Сет, «Элчи Волкан Бозкыр БУУ үчүн өтө маанилүү жылда Башкы Ассамблеянын төрагасы болот. Элчи Бозкыр ондогон жылдарга созулган дипломатиялык тажрыйбаны алып келет жана БУУга мүчө бардык мамлекеттердин колдоосуна муктаж. Мен өлкөлөр арасында ишенимди орнотуу ниетин кубаттайм»,деген серебин салды.

Сет мурдагыдай эле, өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимди бекемдөө алдыга коюлган зарыл кадам экендигин баса белгиледи.

«Элчи Волкан Бозкыр өкмөт менен гана эмес, ошондой эле жаштар, бизнес, академиялар, аялдар топтору, түпкүлүктүү калк, кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен мамилелерди түзүшү керек»,- деди ал.

Сет, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн качкындар жана баш калкалоочуларга кучак жайуусу тууралуу да сөз сүйлөдү.

Сет, жарандык согуштун айынан өз өлкөсүнөн качып кеткен сириялык качкындардын каражаттары түгөнүп калгандыгын белгилеп, «Качкындардын муктаждыктары, айрыкча, Түркия сыяктуу улуттук системаларга жана кабыл алуучу өлкөлөрдүн жана жамааттардын ресурстарына кысым күчөп жатат. Түркиянын өкмөтү, Түркиядагы качкындарды жана башпаанек издегендерди коргоо жана аларга жардам берүү жана бул көйгөйдүн чечилүүсүн күчтүү кабыл алынгандыгын көрсөтүү»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар