Түркиядан Жапониядагы селде каза болгондор үчүн көңүл айтылды

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жөнөттү.

1449361
Түркиядан Жапониядагы селде каза болгондор үчүн көңүл айтылды

 

Түркия, Жапонияда  нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен болгон суу ташкыны жана жер көчкүдөн каза болгондорго көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Жапониянын Кумамото жана Кагосима шаарларындагы нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны жана жер көчкүлөрдөн улам каза болгон адамда үчүн көңүл айтат»,деген сөздөр орун алды.

Жабыркаган адамдардын туугандарына, Жапония элине жана өкмөтүнө чын ыкластан көңүл айтуу билдирилди, ошондой эле жарадар болгондордун тезинен сакайып кетишин тиледи.

Ал эми, Жапониянын түштүк-батышындагы Кумамото провинциясындагы суу ташкында каза болгондордун саны 18ге жетти.

Кумамото шаарындагы нөшөрлүү жаан-чачындан кийин Кума дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 11 жерде дарыянын жээктери бузулду.

Дарыянын ташкындоосунан улам пайда болгон селден жана жер көчкүдөн дарыянын жээгиндеги көпүрөлөр кулады.

Киодо агенттигинин маалыматына ылайык, суу ташкынынан 18 адам каза болуп, жолдор кулап, үйлөр ураган.

Кума айылындагы суу ташкынынан жапа чеккен карыларды тейлөө борборунан 50гө жакын адам куткарылды.



Тектеш кабарлар