Министр Акар жана башкы штаб төрагасы Гүлер Мальтада

Мальтанын тышкы иштер жана Европа иштери министри Эварист Бартола менен жолугушкан Акарды Башкы штабдын төрагасы генерал Гүлер коштоп жүрдү.

1449249
Министр Акар жана башкы штаб төрагасы Гүлер Мальтада

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана башкы штаб төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, Ливиядагы жолугушууларын бүткөрүп Мальтанын борбор шаары Валеттага өттү.

Мальтанын тышкы иштер жана Европа иштери министри Эварист Бартола менен жолугушкан Акарды башкы штабдын төрагасы, генерал Гүлер коштоп жүрдү.

Жолугушууга Түркиянын Валлеттадагы элчиси Керем Кыратлы да катышты.

Хулуси Акар Мальтанын улуттук коопсуздук жана ички иштер министри Байрон Камиллери менен жолугушту. Жолугушуудан кийин эки министр делегациялар аралык жолугушууга төрагалык кылышты.

Делегациялар аралык жолугушууга башкы штабдын төрагасы, генерал Яшар Гүлер жана Мальтанын башкы штабынын башчысы Жеффри Курми да катышты.

Түркиянын Валлеттадагы элчилигине барып элчи Ахмет Керем Кыратлы менен жолуккан министр Акар жана армия генералы Гүлер, андан кийин Мальтадагы Түрк көрүстөнүнө барды.

Эстеликке гүлчамбар жана мүрзөлөргө  гүл койгон Акар, Шейиттердин атайын дептерине кол койду.



Тектеш кабарлар