Венгрия Түркияны ишенимдүү өлкөлөр тизмесине кошту
Венгрия Түркиядан кайтып баргандарды обсервацияга албайт.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венгриянын Түркияны ишенимдүү өлкөлөр тизмесине киргизгенин, Түркиядан кайткандардын обсервацияга алынбай турганын айтты.
Анталияда маалымат берген Мевлүт Чавушоглу жаңы тип коронавирус процессинде Түркиянын ишенимдүү өлкө экенин билдирген өлкөлөрдүн болгонун белгилеп : «Венгриянын тышкы иштер министри да мага телефон чалып, Түркияны ишенимдүү өлкөлөр тизмесине киргизишкендерин жана Түркиядан кайта турган венгер туристтердин 14 күн обсервацияда болбой турганын айтты. Европа Биримдигинин чечимине карабастан»,- деди.
Министр Чавушоглу Түркиянын Британиянын саякат эскертүүсүн жойгон 59 өлкөнүн арасында экенин да айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.