Мевлүт Чавушоглу Германияда ички иштер министри менен жолугушту

Жолугушууда Германиядагы түрк коомуна каршы кыймылдар да каралды.

1447961
Мевлүт Чавушоглу Германияда ички иштер министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу иш алып баруу сапары менен Германияда болду. Ал жерде ички иштер министри Хорст Зеехофер менен жолугушту.

Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Жолугушууда немис конокторубуздун Түркияга ишеним менен келишин, Германия үчүн да коркунуч болгон ПКК жана ФЕТӨ террордук уюмдары менен бирдикте күрөшүүнү, иретсиз миграция, расистик кол салуулар жана Германиядагы түрк коомуна каршы кыймылдарды да карап чыктык»,- деди.

Министр Чавушоглу Берлинде Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас менен да жолугушкан.



Тектеш кабарлар