Ливияда чынчыл оюн ойногон жалгыз адам-Эрдоган

Францияда чыккан Le Canard Enchaine журналы "Ливияда бир гана Түркия чынчыл ойноодо" деген кабар жарыялады.

1442774
Ливияда чынчыл оюн ойногон жалгыз адам-Эрдоган

Францияда чыккан "Le Canard Enchaine" журналы (француз дипломаттары) айрым француз дипломаттары президент Эрдоган Ливияда чынчыл оюн ойноп жаткан жалгыз адам деген пикирге кошулушканын жазган.

Le Canard Enchaine "Ливияда бир гана Түркия чынчыл ойноодо" деген кабарда, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун "Түркия Ливияда коркунучтуу оюн ойноп жатат" деген сөздөрүнө жооп берген айрым француз дипломаттары "Эрдоган геосаясий, аскерий, мунай жана газ максаттарын жашырбастан  акыйкат ойногон жалгыз адам. Бул Жер Ортолук деңизинде, Ливияда жана Кипрде да жарактуу " деген пикирде экендигин айтышты.

Маалыматта  Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин  Орусия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Сауд Арабиясы жана Франциянын колдоосуна ишенгенин билдирген.

Анда, Ливия өкмөтү  Түркиянын жардамы аркылуу  Хафтерди жеңгени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар