ТИКА Таиландга азык-түлүк жардамын жеткирди

ТИКА, Түркиянын Бангкоктогу элчилиги жана Таиланддагы Шейхүлисламлыгына караштуу  Ислам кеңешинин борборунун (CICOT)  координациясында муктаждарга жардам берди.

1442568
ТИКА Таиландга азык-түлүк жардамын жеткирди

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Таиланддын түштүгүндө коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнүн келип чыгышынан улам  муктаж  үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамын берди.

ТИКА, Түркиянын Бангкоктогу элчилиги жана Таиланддагы Шейхүлисламлыгына караштуу  Ислам кеңешинин борборунун (CICOT)  координациясында жасалган  жардамды жана негизги азык-түлүк кутуларын Сонгкла шаарындагы 1200 үй-бүлөгө таратты.

CICOT Башкы катчысы бөлүштүрүүгө катышты жана Таиланд-Түркия Парламенттер аралык достук тобунун мүчөсү Др. Сурин Палареа ТИКАга жана Түркия элчилигине мусулман коомчулугуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын Бангкоктогу элчиси Дагделен Акгүн, TIKAнын аймактагы жардамдарынын маанилүүлүгүн белгилеп, «Мен жардам үчүн абдан кубанычтамын. Ковид-19дун бардык өлкөлөргө терс таасирин тийгизип жаткан бул мезгилде тай досторубузга ТИКА аркылуу биз Түркиядан боорукердикти алып келдик. Биздин жардам, географиялык жактан алыстыкта ​​болсо дагы, Таиланд менен болгон мамилелерибизди дагы да бекемдөөгө жардам берди»,- деди.



Тектеш кабарлар