Коопсуздук күчтөрү 96 террордук кыймылга бөгөт койду

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда өлкөдө кан көлдөтүш үчүн мүмкүнчүлүк издеген ПКК/КЖК, ДЕАШ жана солчул террордук уюмдар 2020-жылы дагы мыкаачылык пландарды түзүштү.

1440254
Коопсуздук күчтөрү 96 террордук кыймылга бөгөт койду

Коопсуздук күчтөрү тарабынан жылдын биринчи жарымында  чөйрөдө кан көлдөткүсү келген террористтер тарабынан пландалган 96 террордук кыймылга бөгөт коюлду.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда өлкөдө кан көлдөтүш үчүн мүмкүнчүлүк издеген ПКК/КЖК, ДЕАШ жана солчул террордук уюмдар 2020-жылы дагы мыкаачылык пландарды түзүштү.

Бул террордук уюмдар менен катар Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен бир убакта күрөш жүргүзгөн коопсуздук жана жандармерия бөлүктөрү, террордук уюмдар тарабынан пландалган кандуу кыймылдарга бөгөт коюу максатында жылдын алгачкы 6 айында да тыгыз иш алып барды.

Ушул алкакта 1-январь-20-июнь күндөрүнүн аралыгында 93ү ПКК/КЖК, экөөсү солчул террордук уюмдар жана бирөө ДЕАШ террористтери тарабынан уюштурулууга аракет кылынган 96 террордук кыймылга бөгөт коюлду.

Жасалган операцияларда 42си ПКК/КЖК, 10у ДЕАШ жана 2си солчул террордук уюмдарга мүчө бардыгы 54 шектүү кармалды.



Тектеш кабарлар