Түркиянын жергиликтүү ракета кыймылдаткычы сыналды

Сыноо ийгиликтүү өттү.

1439401
Түркиянын жергиликтүү ракета кыймылдаткычы сыналды

Түркиянын алгачкы орто аралыктуу ракета кыймылдаткычы (TEI-TJ300), Эскишехирде Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк да катышкан аземде сыналды.

TUSAŞ мотор өнөр жайы (TEI)ишканасында башкы директор Махмут Акшиттен маалымат алган Варанк, 10дон артка карай санап прототип сыноосун баштоого буйрук берди.

Варанк, ийгиликтүү өткөндөн сыноодон кийин сүйлөгөн сөзүндө, түрк инженерлери тарабынан жасалган мотордун Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагы үчүн абдан маанилүү өнүгүү болгонун айтты.

TUBITAK, TEI жана Roketsanдын кызматташтыгы менен өндүрүлгөн Түркиянын орто аралыктуу кеме атуучу (OMGS) алгачкы ракета кыймылдаткычы TEI-TJ300 1300, тар диаметрде 1300 невтон түртүп чыгара алат.

Ракета кыймылдаткычы, көлөмү чектелүү болгондуктан аба, деңиз жана кургактыктан коргонуу системаларына ылайыкташтырылган.



Тектеш кабарлар