Түркия : "Ирактан кызматташуу күтүп жатабыз"
Түркия Ирактан ПКК террордук уюм менен күрөшүүдө кызматташуу күткөнүн билдирди.
1438884
Түркия Ирактан ПКК террордук уюм менен күрөшүүдө кызматташуу күткөнүн билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүк аймактарында жүргүзүлгөн «Чеңгел - Жолборс» жана «Чеңгел - Бүркүт» операцияларынын Түркиянын улуттук коопсуздугу менен Ирактын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин да коркунучка салган ПКК террордук уюмун бутага алып жатканын белгиледи. Аксой : «Коңшубуз Ирактын ПКК террору менен күрөшүбүздө өлкөбүз менен кызматташуу жана шайкештик ичинде кыймыл кылышын күтүп жатабыз. бул жагдайлар Багдат элчибиз тарабынан тийиштүү Ирак мекемелерине да эскертилди»,- деп билдирди.