Мустафа Варанк Бразилияга экспорттолгон дем алдыруу аппараттары тууралуу билдирди

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк "Made in TÜRKİYE" деп жазылган жазууну көрүүнүн сыймыктандыруучу экенин айтты.

1439291
Мустафа Варанк Бразилияга экспорттолгон дем алдыруу аппараттары тууралуу билдирди

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Бразилияга экспорттолгон жергиликтүү дем алдыруу аппараттары тууралуу миңдеген километр алыстыкта "Made in TÜRKİYE" деп жазылган жазууну көрүүнүн сыймыктандыруучу экенин белгиледи.

Варанк Түркияда чыгарылып Бразилияга экспорттолгон жергиликтүү дем алдыруу аппараттарынын фотографиясын твиттерден бөлүшүп : «Түркиядан 11 000 километр ары жакта бир ооруканада 'Made in TÜRKİYE' жазуусун көрүү, сиздин оюңузча да сыймыктандыруучу эмеспи?»,- деди.

Министр Варанк Сао Паулонун губернатору Жоао Дорианын Түркияда чыгарылып, аймактын мамлекеттик ооруканаларына таркатылган дем алдыруу аппараттарын камтыган фотографиялуу билдирүүсүн «УлуттукТехнологияКыймылы» деген темада жарыялады.

Сао Пауло губернатору Жоао Дориа "Made in Türkiye" деп жазылган дем алдыруу аппараттарынын фотографияларына орун берген билдирүүсүндө 20 72 дем алдыруу аппаратынын Сао Пауло аймагындагы түрдүү мамлекеттик ооруканаларга таркатылганын маалымдады.

Дориа дем алдыруу аппараттарынын Таубате, Регистро жана Бауру аймактарына баргандыгы жана ооруканаларда колдонулуп жатканын белгиледи. Дориа Түркиядан алынган дем алдыруу аппараттары менен жандандыруу бөлмөсүндөгү орундуктарды эки эсеге чыгара алышкандарын айтып : «Эми Сао Паулодо коронавирус бейтаптарынын бары дарылана алат»,- деди.



Тектеш кабарлар