Түркия Чадга экинчи жолу медициналык жардам жөнөттү

Африка өлкөсү Чадга 26-майда да медициналык каражаттар менен тез жардам унаасы жөнөтүлгөн болчу.

1438598
Түркия Чадга экинчи жолу медициналык жардам жөнөттү

Түркия Чадга экинчи жолу медициналык жардам жөнөттү.

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында Африка өлкөсү Чадга экинчи жолу медициналык жардам ташыган учак борбор шаар Анкарадан учуп кетти.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган медициналык каражаттар Этимесгут аскердик аэропортунан Улуттук Коргоо министрлигине таандык A400M үлгүсүндөгү жүк ташуучу учакка жүктөлдү.

Медициналык каражаттардын арасында тез жардам унаасы да бар.

Жардам кутуларынын бетине Мевлананын «Үмүтсүздүктүн артында көптөгөн үмүттөр бар. Караңгынын артында канчалаган күндөр бар» деп жазылды.

Түркия буга чейин АКШ, Улуу Британия, Испания, Италия жана Балкан өлкөлөрү да арасында болгон бир катар өлкөлөргө медициналык жардамдар көрсөткөн.

Африка өлкөсү Чадга 26-майда да медициналык каражаттар менен тез жардам унаасы жөнөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар