ЕБи Россияга киргизген санкцияларынын мөөнөтүн узартты
Европа Биримдиги Кеңеши чектөөчү чара көрүүлөрдүн 2021-жылдын 23-июнуна чейин узартылганын жарыялады.
Европа Биримдиги, Крым жана Севастополдун мыйзамсыз аннексияланышынан улам Россияга киргизген санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартуу чечимин чыгарды.
Европа Биримдиги Кеңеши чектөөчү чара көрүүлөрдүн 2021-жылдын 23-июнуна чейин узартылганын жарыялады.
Буга караганда узартылган санкциялар менен ЕБнин атуулдары жана фирмалары Крым жана Севастополь аймактарындагы иш-аракеттери чектелүүдө.
ЕБне Крым жана Севастополдон товар экспортоого уруксат берилбей жатат. ЕБнин атуулдары же фирмалары, Крым жана Севастополдон турак үй ала албай жатат жана бул аймактагы фирмаларга финансылык тейлөө камсыздала албай жатат.
Крым аймагына транспорт, телекоммуникация жана энергетика секторлорунда колдонула турган айрым товар жана технологиялар экспорттоло албай турат. Өзгөчө мунай зат, жаратылыш газ жана кен издөө, чыгаруу жана өндүрүүгө карай технология камсыздалышына тоскоол болууда. Бул секторго техникалык колдоо көрсөтүлө албай жатат.
Россия, 2014-жылы март айында Крым Автономиялуу Республикасын жана Севастополь шаарын мыйзамсыз аннекциялап алган.
Крымдын Россия тарабынан аннекцияланышы жана Украинанын чыгыш жагында болгон окуялардан кийин ЕБ, АКШ жана айрым өлкөлөр Россияга санкция киргизе баштаган.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.