Түркиянын ишенимдүү эс алуу кызматы дүйнөгө таанытылат

Түркияда сунушталган туристтик кызматтар, "Кайра ачылыш" жарнамалык иш-чаралар менен дүйнөгө көрсөтүлөт.

1437880
Түркиянын ишенимдүү эс алуу кызматы дүйнөгө таанытылат

Түркияда сунушталган туристтик кызматтар, "Кайра ачылыш" жарнамалык иш-чаралар менен дүйнөгө көрсөтүлөт.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын Европада коопсуз туризм сертификация системасын турмушка ашырган биринчи өлкө болгону белгиленди.

Маалыматта Түркиянын жаңы тип коронавирус процессинде сунуштай турган туризм кызматы «Жаңыдан ачылыш» деген таанытуу иш чарасы менен дүйнөгө көрсөтүүгө даярданып жатканы билдирилди.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөр менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин министрликтин бул 60 өлкөнүн элчилери менен эл аралык массалык маалымат каражаттарын Анталияда тосуп алганы белгиленди.

Туризм секторунун өкүлдөрүнүн  министр Эрсойдун жол башчылыгында  жана элчилер менен Түркияда отурукташкан эл аралык басма сөз өкүлдөрү менен жолугушары билдирилген маалыматта жолугушуунун 19 – 20 -  июнь күндөрү ишке ашары тууралуу маалымат берилди.

Түркияда «Ишенимдүү туризм документин» алган комплекстер колдонгон системалар таанытыла турган программа менен эл аралык конокторго ишенимдүү эс алуу кызматын ордунда текшерүү мүмкүнчүлүгү сунулат.

Коноктор эки күнгө созула турган таанытуу программасынын негизинде учактарда жана аэропорттордо көрүлгөн чаралардын ыктымалдуу саламаттык сактоо маселелеринин алдында сунуштала турган кызматтарга чейинки бардык тейлөөлөрдү ордунда байкап көрөт.

Элчилер менен эл аралык басма сөз өкүлдөрү Түркиянын эс алуучуларга сунуштай турган тейлөөнү көрүшөт.



Тектеш кабарлар