Түрк аскери Хафтанинде террор уюктарынын таш-талканын чыгарууда...

Улуттук коргоо министрлиги абал тууралуу, «Чеңгел-Жолборс (Pençe-Kaplan) операциясы башталды. Баатыр десанттарыбыз Хафтанинде», деген маалыматты жарыялады.

1437756
Түрк аскери Хафтанинде террор уюктарынын таш-талканын чыгарууда...

Түрк аскери Хафтанинде...

Түндүк Ирактагы террор уюктарына карай кургактык кыймылы башталды. Улуттук коргоо министрлиги абал тууралуу,«Чеңгел-Жолборс (Pençe-Kaplan) операциясы башталды. Баатыр десанттарыбыз Хафтанинде», деген маалыматты жарыялады.

Анда: «Аба күчтөрү, АТАК тик учактары, учкучсуз учуучу аппараттар жана учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар коштогон десанттарыбыз, абадан чабуул операциясы менен аймакка өтүштү»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Министрлик, операциянын күзөт жайлары жана база аймактарына арткан тийишүп ок атуу жана кол салуу аракетин кылган ПКК жана берки террорист элементтерине карай, эл аралык эрежеден келип чыккан мыйзамдуу коргонуу укуктарынын алкагында ишке ашырылганы баса белгиленди.

«Чеңгел-Бүркүт» (Pençe-Kartal) операциясынан кийин дароо башталган «Чеңгел-Жолборс» операциясынын алкагында десанттык бөлүктөр  Хафтанинде террористтердин ийиндерине кире баштады. Чоң кылдаттык менен пландалып аткарылган операциянын өзгөчөлүктөрү көңүлдөрдү бурду.

Операциянын алкагында эң оболу бардык операция жүргүзүлө турган аймактар ок атууну колдоочу куралдар менен атыла баштады. Атамекендик чыгарылыш «Фыртына» пушкалары менен көп түтүктүү ракета аткычтар да колдонулган атуулардын алкагында ушул убакта 150дөн ашуун бута таамай атылды.

Буга кошумча Улуттук коргоо министрлигинин акыркы жарыясында, "Түндө башталган "Чеңгел-Жолборс" операциясынын алкагында Аба күчтөрү командирлиги бардык белгиленген буталарды таамай атты",деген маалымат бөлүштү.

 



Тектеш кабарлар