Италиянын тышкы иштер министринин Түркияга сапары жылдырылды

Тышкы иштер министрлиги, Ди Майонун сапарына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1437901
Италиянын тышкы иштер министринин Түркияга сапары жылдырылды

Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун бүгүн Түркияга пландалган иш сапарынын жылдырылгандыгы билдирилди.

Тышкы иштер министрлиги, Ди Майонун сапарына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта италиялык министрдин бүгүнкү иш сапарынын 19-июнь жума күнүнө жылдырылгандыгы белгиленди.

Ди Майонун бүгүн Анкара да тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушары билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар