Өмер Челик Грецияга каршылык көрсөттү
Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик : «Грек коргоо министри же башкалары сүйлөгөндү үйрөнүшү кереr".
Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик грек жетекчилердин Түркия сыяктуу чоң бир мамлекет менен кандай сүйлөшүүнү билиши керектигин айтты.
Өмер Челик кечээ партиясынын Борбордук Чечимди Аткаруу Кеңешинин жыйынынын күн тартиби тууралуу маалымат берди.
Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгейде болгон абалдар тууралуу Греция менен Түштүк Кипрдын мамилесин сынга алган Челик буларды айтты : «Эгей менен Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык тууралуу кепилдигибизди ачыкча ортого салып жатканда Греция же Түштүк Кипрдын дайыма чагымчылдык кылышын балдар оорусу катары мүнөздөйбүз».
Өмер Челик Грецияда бир министрдин өлкөсүнүн ички саясатына карата «(Түркия менен ) согушуудан, (Түркияга каршы) аскердик машыгуудан» сөз кылганын белгилеп, сөзүн төмөнкүчө улантты : «Грек коргоо министри же башкалары сүйлөгөндү үйрөнүшү керек. Түркия сыяктуу чоң бир мамлекет менен кандай сүйлөшүү керектигин билиши керек. Биз, олуттуу карап ошондой жооп кайтарсак чоң чыңалууларга жол ачат».
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.