11 бомбалуу кылмыштарды кылган ЙПГ/ПККга мүчө 7 террорист кармалды

Бул тууралуу Хатайдын губернаторлугунан жазуу түрүндө маалымат берилди.

1437156
11 бомбалуу кылмыштарды кылган ЙПГ/ПККга мүчө 7 террорист кармалды

Унаа өрттөө жана 11 бомбалуу кыймылды кылган жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын мүчөсү 7 террорист, Сириянын Африн аймагында 2 үйгө жасалган операцияда кармалды.

Хатайдын губернаторлугунан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, Африн координатору Коопсуздук директорулугу тарабынан «Зайтун бутагы» операциясы болгон аймакта ишке ашырылган чалгындоо иштеринин натыйжасында  шектелген 2 үйгө операция жүргүзгөндүгү маалымдалды.

Операцияда террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө 7 террористтин кармалганы билдирилген жарыяда: «3 унааны өрттөгөн жана 11 бомбалуу кыймылды кылган 7 киши, Африндеги шектелген 2 үйгө жүргүзүлгөн операцияда кармалды. Айрыкча террор уюгуна айландырган үйлөрдөгү тинтүүлөрдө кыймылдарда колдонуш үчүн бомба жасоодо колдонулган 25 килограмм TNT, 8 электрдүү капсула менен бытырадай чачырап тийиши үчүн атайын кесилип майдаланган металл мык бөлүкчөлөрү болгон бомба жасоочу материалдар колго түшүрүлдү»,-делди.



Тектеш кабарлар