Түркия Кот-Д’Ивуардагы кол салууну айыптады

Белгисиз кишилер тарабынан жасалган кол салууда 12 аскердин каза болгону, 6 аскердин жараланганы маалымдалган.

1434926
Түркия Кот-Д’Ивуардагы кол салууну айыптады

Түркия Кот-Д’Ивуардын Буркина Фасо чек арасындагы аскердик пунктту бутага алган куралдуу кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бүгүн Кот-Д’Ивуардын түндүк аймагында Буркина Фасо чек арасындагы Кофоло шаарында бир текшерүү жеринде болгон террордук кол салууда көп сандаган аскердин каза болушунан улам тынчсыздануу билдирилди.

Маалыматта : «Бир тууган Кот-Д’Ивуар калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

Кофоло аймагындагы Тафоло  -  Бак айылындагы пунктка  белгисиз кишилер тарабынан жасалган кол салууда 12 аскердин каза болгону, 6 аскердин жараланганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар