Түркиянын COVID–19га карай чара көрүүлөрү туризмде ишенимдүүлүктү арттырды

Анадолу агенттигине маалымат берген Баранер, дүйнөнүн башкача процесстен өткөнүн, туризмдин да мындан таасир алганын баяндап, калыбына келүү кадамдарынын ташталышы менен туризмде кыймылдуулуктун да акырындан баштагалганын кеп кылды.

1434230
Түркиянын COVID–19га карай чара көрүүлөрү туризмде ишенимдүүлүктү арттырды

Борбору Швейцарияда орун алган Дүйнөлүк тууган шаарлар туризм биримдигинин баш катчысы Хүсейин Баранер, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүнүн Түркиянын туризмдеги ишенимдүүлүгүн арттырганын билдирди.

Анадолу агенттигине маалымат берген Баранер, дүйнөнүн башкача процесстен өткөнүн, туризмдин да мындан таасир алганын баяндап, калыбына келүү кадамдарынын ташталышы менен туризмде кыймылдуулуктун да акырындан баштагалганын кеп кылды.

Түрк туризминде негизги базар абалындагы Германия жана Орусиядагы саякат агенттиктери менен диалогдо болгондорун түшүндүргөн Баранер, Түркиянын керек болсо саламаттык сактоо темасындагы иштери, керек болсо туризм тармагында көргөн чараларынын батыш өлкөлөрүндө ишенимди арттырганын айтты.

Жакынкы убактарда Германия жана Орусия базарларында кыймылдуулукту күчөткөндөрүн белгилеген Баранер: « Сүйлөшүү өткөргөн саякат агенттигинин өкүлдөрүнөн, «Түркия, бардык стандарттарын орундатканын бизге документтеп берди, бизди көндүрдү, эң кыска убакта кыймылдуулук башталат» деген пикирлерин алуудабыз»,-деди.

Отелдерде жана туризм агенттиктеринде пандемия башталган күндөн тарта чара көрүлгөнүнө көңүл бурган Баранер: «Бүгүнкү күндө Европа, Түркияга баа берүүдө. «Түркия муну кылган жок же тигини кылган жок» дешкен жок. «Абдан мыкты иштедиңер» деп жатышат. Сөзсүз мунун дагы туризмге чагылыштары болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар